• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Аба ырайы: 25-ноябрда күн ачык болот

24 Жетинин айы 202422:25 Бишкек Govori.TV

Эртең 25-ноябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 11…13° жылуу болот.

Количество просмотров: 94