• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аба ырайына байланыштуу Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

15 Тогуздун айы 20249:49 Бишкек Govori.TV


Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда 14-октябрда түнкү саат 22:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн эртең менен Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайына байланыштуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алына элек.

«Ашууда кар жаап, бороон болуп жатат. Жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын айдоочуларын абайлап, жайкы дөңгөлөк менен айдабоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жолду тазалоо үчүн ашууда атайын техника иштеп жатат.

Количество просмотров: 189