• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Абактагы активист Кудайберген уулу президентке кайрылуу жолдоду

24 Баш оона 2021 9:34 Бишкек Govori.TV

Абактагы активист Тилекмат Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анын кайрылуусун “Туран” партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Азыркы учурда менин жанымда Солтонбеков Акжалбек аттуу жигит отурат. 1995- жылы туулган, өзү майып (дүлөй, дудук). Жол кырсыгы үчүн отурат. Укуктары кордолуп жатат. Суракта атайын котормочу беришкен эмес. Жубайы дагы майып, эки жаш баласы бар. Жабырлануучу тирүү. Ошол ишти өз көзөмөлүңүзгө алып, акыйкат тергелишин жана эгемендикке карата боло турган мунапысты ага дагы карата колдонуңузду өтүнөм. Атасы дагы каза болуп калыптыр. Бирок Бабановдукундай акчасы жок. Бул менин сизге КРнын жараны катары өтүнүчүм. Эми Садыр Нуркожоевич сизге койгон талаптарым: 1 жыл 6 айды колума карматтыңыз. Мен ырайым дагы сурабайм! Себеби күнөөм жок, акмын. Бирок 2020- жылдын октябрь айындагы окуяларга саясий укуктук баа берүүңүздү талап кылам. Октябрь айына чейин сөзсүз ишке ашырыңыз. Өзүңүзгө эле жакшы болот. Эптеп Жеңиш Молдокматовду камаш максатында бүтүндөй элдин жеңишин уурдабаңыз! Утуласыз. Абсалюттук бийлик колуңузда. Бул күндөр дагы өтөт. Көзүмдү тазалап салбасаңыз эле жолугабыз, сөзсүз жолугабыз. Эми көрүшкөнчө сак саламат туруп туруңуз. Терең урматым менен, Тилекмат»,-деп жазган ал.

Эске салсак, жарандык активист Тилекмат Кудайберген Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүмү 1-пункту, 192-беренесинин 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, жалпы 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ал №1 тергөө абагында кармалат. Ал буга чейин Фейсбуктагы» баракчасындагы билдирүүсүндө «бийликти кулатууга чакырыктар бар» деген негиз менен 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 2377