• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Жээнбековдун уулу бийликке кайрылуу жасады

9 Кулжа 202612:29 Бишкек Govori.TV


“Кой-Таш ишине” байланыштуу соттолуп, абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан уулу президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттары менен укук коргоочуларга кайрылды.

​»Атам 24 саат бою кичинекей камерада, күндү, асманды көрбөй, таза аба менен дем ала албай, террористтерди кармаган катаал шартта, ден-соолугунан ажырап, камакта отурат.​

Буга кошумча, атам террористтерди кармаган түрмөгө келгенге чейин дагы 3 жыл 8 ай катаал, эч кандай шарты жок тергөө абагында жаткан.

​Урматтуу президент мырза, депутаттар, укук коргоочулар, эгер менин жазгандарым жалган десеңиздер, мыйзам баарыңыздарга жол берет, барып өзүңүздөр көрүп келсеңиздер болот», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 73