УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуу жолдоду. Анын билдирүүсүн «Регион» каналынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов өзүнүн соцтармак баракчасына жарыялады.
“Урматтуу эл-журт! Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби бүгүн эртең менен маалымат чыккандан бери көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө. Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам.
Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты.
Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм», — деп жазылат Ташиевдин кайрылуусунда.
Эске салсак, буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана парламенттин экс-депутаты Курманкул Зулушев 28-апрелде Ички иштер министрлигинде (ИИМ) бир нече саат сурак берип чыкканы кабарланган.
ИИМ бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Ал эми адвокат Шердор Абдыкапаров Фейсбуктагы баракчасына сурак тууралуу видео жарыялап, сөз болуп жаткан үч саясатчы сурак эле бербестен аларга “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине менен айыбы угузулганын айтты. Бирок кийинчерээк видеону баракчасынан өчүрүп салган.