Temirov Live долбоорунун журналисти, азыр тергөө абагынла жаткан Айке Бейшекеева “Эң туруктуу журналист” жана “Жаш журналист” номинациясында Free Press Awards эл аралык сыйлыгын жеңип алды.
Free Press Awards эл аралык сыйлыгы эркин журналистика жана көз карандысыз маалымат тарапта болгон журналисттерге жана жалпыга маалымдоо кызматкерлерине ыйгарылат.
Ал эми кечээ 26-сентябрда Айке Бейшекеева укук жана эркиндикти коргоодо эр жүрөктүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн жаштар арасындагы эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгына татыктуу болгон.
Айке Бейшекеева 9 айдан бери тергөө абагында кармалууда. Ал ушул жылдын январында кармалган 11 журналисттин бири.
Айке Бейшекеева Кыргызстанда факт-чекингге адистешкен эң күчтүү журналист. Кыргыз, орус, англис, япон, поляк тилин мыкты билет.