Абактагы ачкачылык токтоду. Соттолгондордун талаптары аткарылган жок
Абактагы ачкачылык токтоду. Соттолгондордун талаптары аткарылган жок
12 Кулжа 201810:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12. 06. 2018. Govori.TV
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №27 абакта ачкачылык кармагандардын аракети токтотулду. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчысы билдирди.
Анда белгилүү болгондой, 8-июнда ачкачылык жарыялаган ондогон адам тамак жей баштаган. “Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакта 54 соттолуучу шартты жакшыртууну талап кылып ачкачылык жарыялаган. Кыйноого каршы улуттук борбордун, Акыйкатчынын өкүлдөрү алар менен жолугуп, акцияны токтотууга чакырышкан. Ачкачылык кармагандар абакта телефон алып жүрүүгө уруксат берүүнү, айрым кызматкерлерин иштен алууну, тартипти жеңилдетүүнү сурашкан. Бирок, бул талаптар эреже, мыйзамдарга каршы келгендиктен аткарылган жок”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, учурда түрмөлөрдө телефон колдонууга, соттолгондордун ээн эркин камерадан камерага каттап жүрүшүнө Жаза аткаруу кызматы катуу тыюу салган.