• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча комиссия түзүлдү

17 Жетинин айы 2021 16:49 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети тарабынан абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча өзгөчө комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Бишкек шаарындагы абанын булганышы көйгөйүн иликтөө, жарандардын ден соолугун сактоо жана аларды чечүү чараларын иштеп чыгуу боюнча токтоосуз чараларды ыкчам кабыл алуу үчүн ведомстволор аралык өзгөчө комиссиясы түзүлдү. Аталган чечим жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу, абанын булганышынын себептерин жана булактарын аныктоо максатында кабыл алынды.

Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын жетекчиси катары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бекитилди. 

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 15-ноябрында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө борбордогу ыш жөнүндө маселе көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүү ишин күчтөндүрүүнү тапшырган.  Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын курамына мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилген. Өзгөчө комиссияга жарандардын ден соолугун коргоого тийгизген кесепеттерин кыскартуу  боюнча ыкчам жана өз мөөнөтүндө чараларды кабыл алуу, ошондой эле Бишкек шаарынын абасын булгоочу булактарды аныктоо менен булгануу көйгөйлөрүн изилдөө жана баалоо тапшырылды.

Министрлер кабинети жарандардын, өзгөчө балдардын, кары-картаңдардын жана өнөкөт оорулары бар адамдардын ден соолугун мындай булгануунун кесепеттеринен коргоо боюнча максималдуу чараларды көрө тургандыгы белгиленди.

«Министрлер кабинети кыска мөөнөттө бул көйгөйдү чечүү жана мурдагы өкмөттөрдүн натыйжасыз иш-аракетинин кесепеттерин четтетүү татаал экендигин түшүнөт. Президент Садыр Жапаров тарабынан бул маселени жакынкы 3-4 жылдын ичинде чечүү тапшырмалары берилген. Бул өзгөчө комиссияга бүгүнкү күндө абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү үчүн зарыл болгон башка чараларды көрүү үчүн атайын ыйгарым укуктар берилгендиги маанилүү», — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 158