• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Токтошев: Абанын булганышын жөнгө салууга өкмөттүн так программасы жок

16 Бештин айы 2020 14:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-декабарда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында өкмөттүн баш калаадагы түтүнгө каршы көрүлүп жаткан чаралары жөнүндө маалыматы угулуп жатат.

Анда депутат Токтошев 4-5 жылдан бери ушул маселе көтөрүлүп, жыйынтык жок экенине нааразы болду.

«Дүйнө жүзүндө 700 миллион адам өлөт, ал эми Бишкекте абанын булганышынан канча адам өлгөнү тууралуу маалымат жок. Кир аба  тукумсуздук, рак сыяктуу ооруларды козгойт. 4-5 жылдан бери ушул маселени көтөрүп келе жатабыз, бирок жыйынтык чыкпай келет. Бул маселени жөнгө салууга өкмөттүн так программасы дагы жок», — деди Токтошев.

Количество просмотров: 105