Бишкектеги абанын булганышы тууралуу жадакалса Орусиянын «Россия 24» каналы айтып чыкты. “Россия 24” каналы билдиргендей, 28-ноябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун жыйынына учуп келе жаткан Орусиянын президенти Владимир Путиндин учагы Бишкектин “Манас” аба майданына араң конгон. Буга шаардын үстүн каптаган кара түтүн себеп болгону айтылат.
https://www.youtube.com/watch?v=Hm6j2502Gio
Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурда Бишкекте абанын индекси 50дөн 100гө чейин көрсөтүп турганы айтылган. Мындай көрсөткүчкө сууктун түшүшү менен автоунаадан чыккан уулуу газдар көбөйүп, тургундар үй менен мончолорду жылытууда таштанды, желим жаккан учурлар болууда. Мунун баардыгы абанын булганышына жана анын сапатынын индексинин (AQI) жогорулушуна алып келүүдө. Мындан улам, Бишкек мэриясы организми сезимтал адамдарды бет кап кийүүгө дагы чакырган эле.