Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары кызматынан алынган Атыр Абдрахматованы БШК мүчөлүгүнөн чыгаруу үчүн БШК Жогорку Кеңешке сунуштама жиберет. Бул тууралуу Атыр Абдрахматова Говори TV агентигине кабарлады.
Атыр Абдрахматова кызматтан алынуу себебин БШКдагы башка ою бар мүчөлөргө карата куугунтук жана интрига деп атаган.
Эскерте кетсек, бүгүн 8-декабрда БШК Атыр Абдрахматованын төрайымдын орун басары кызматынан алган.