• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
Screenshot

Кыйын: Кесип тандоодо ата-энелик жана коомдук басымдын ролу

26 Бугу 202616:39 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.

Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Бүгүнкү эфирде «Кесип тандоодо ата-энелик жана коомдук басымдын ролу» деген тема талкууланат.

“Кыйындын” катышуучулары:

  • Сайибжамал Жолдошова — жергиликтүү кеңештин депутаты, “Баглан” жалпы орто билим берүү мектебинин директору;
  • Миргүл Кочконова — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаты;
  • Жылдыз Ирматова — техника илимдеринин кандидаты, доцент. Ош технологиялык университетинин “айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы” кафедрасынын башчысы.

Количество просмотров: 1754