Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Добуш берүү 3-июнда Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясында өттү.
Кыргызстандын талапкерлигин 142 өлкө колдоп добуш берди. Азия-Тынч океан тобунан анын атаандашы Филиппин болгон, алар 49 добуш алышкан.
Ошентип, Кыргызстан Филиппиндерди артка калтырып, 2027-жылдын 1-январынан 2028-жылдын 31-декабрына чейин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болот.
Буга чейин президент Садыр Жапаров дүйнөлүк лидерлерге кайрылып, Кыргызстандын талапкерлигин колдоп берүүнү суранган. Ал өлкөнүн буга чейин эч качан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болбогонун, ал эми Филиппин төрт жолу анын курамына киргенин белгилеген.
Кыргызстан шайлоодо жеңип чыкса, алдын алуучу дипломатияны, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнү, ядролук куралды жайылтпоо маселелерин, ошондой эле климат менен коопсуздуктун байланышын илгерилетүү ниетин билдирген.
Кыргызстандын талапкерлигин мурда Борбор Азия өлкөлөрү колдогон.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 15 мүчөдөн турат: беш туруктуу жана он туруксуз. Туруксуз мүчөлөр БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан эки жылга шайланат.