Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эмне себептен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды.
Жыйында төрага Талант Мамытов Абдыгуловдун жазган арызын окуду, анда Улуттук банктын төрагасы башка кызматка дайындалып жатканынан улам кызматтан кетип жатканы жазылган.
Бирок кайсы жаңы кызматка дайындалып жатканы айтылган жок.
Учурда ЖКнын жалпы жыйнында депутаттар Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын карап жатат. Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов президент бул кызматка Кубанычбек Бөкөнтаевди сунуштаганын айтты.
Буга чейин 28-сентябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Т.Абдыгуловдун отставкасын жана К.Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырганы айтылган.