• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Абдыш-Ата» Суперкубокту жеңип, 30 миң доллар байге алды

2 Жалган куран 202513:22 Бишкек Govori.TV

Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу Кыргызстандын Суперкубогун утуп, 30 миң доллар байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.

Билдирмеге ылайык, мелдеш 1-мартта Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук комплексинде өткөн. Анда Суперкубок үчүн «Абдыш-Ата» футболдук клубу жана 2024-жылкы өлкө кубогунун ээси «Мурас Юнайтед» кез келишкен. Оюндун негизги жана кошумча убактысында жеңүүчү аныкталган эмес, ал эми пенальти сериясында канттык клуб күчтүүлүгүн көрсөтүп, оюн 4:3 менен аяктаган.

Беттештин мыкты оюнчусу деп «Абдыш-Атанын» дарбазачысы Султан Чомоев аталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов, Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын президенти Асылбек Кадралиев катышты.

Нурдин Букуев КФБнын атынан «Абдыш-Ата» клубуна 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогун жеңгендиги үчүн 30 000 доллар сыйлыктын сертификатын тапшырды.

Количество просмотров: 166