• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт

11 Бугу 2022 16:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруп, өткөрүү жөнүндөгү тиешелүү буйрукка кол койду.

Ага ылайык 2022-жылы абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт.

  • I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
  • II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
  • III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.

Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 2022-жылдын 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 133