• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

ЖОЖдорго кабыл алуу качан башталат?

1 Теке 20269:30 Бишкек Govori.TV

2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 6-июлда башталат. Бул тууралуу «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде өткөн жыйында Жогорку, орто кесиптик жана дипломдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова билдирди.

«9-класстын бүтүрүүчүлөрү кабыл алууга негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк менен катышкандыктан, алардын кабыл алуу өнөктүгү 6-июлдан башталат. Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу 11-июлда старт алат», — деди ал.

Исираилованын маалыматына ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) босого баллы өткөн жылдагы деңгээлде сакталат.

Количество просмотров: 6