• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Абрамович «Челси» футбол клубун сатып жатат

3 Жалган куран 2022 12:46 Бишкек Govori.TV

Россиялык миллиардер Роман Абрамович өзүнө тиешелүү «Челси» футбол клубун сатуу чечимин кабыл алды. Ишкер клубду сатуудан түшкөн акча Украинадагы согушта жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлө турган кайрымдуулук фондуна жумшаларын билдирди.

«Мен ар дайым клубдун кызыкчылыгын эске алуу менен чечим кабыл алчумун. Бул жолу дагы кызматкерлердин, күйөрмандардын жана демөөрчүлөрдүн кызыкчылыгын алдыга коюп, клубду сатмай болдум. Албетте, мындай кадамга баруу оңой болгон жок. «Стэмфорд Бридж» стадионуна соңку ирет барып, ар бир кызматкер менен коштошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп үмүт кылам. «Челси» жана анын күйөрмандары ар дайым менин жүрөгүмдө сакталат», — деди Абрамович.

Абрамович «Челсини» 2003-жылы 140 миллион фунтка сатып алган. Андан бери бул клуб 21 жолу ар кыл титулдарды утуп алды.

Количество просмотров: 118