• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Британия Абрамовичтин акчасын Украинага жардам катары берүүнү пландоодо

1 Бирдин айы 2023 17:02 Бишкек Govori.TV

Улуу Британия өкмөтү орусиялык миллиардер Роман Абрамовичтин «Челси» футбол клубун сатуудан алган 2,3 миллиард фунд стерлингин Украинадагы согуштун курмандыктарына жардам берген фондго өткөрүп берүүнү пландоодо. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы өкмөттөгү булактарына таянуу менен билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Абрамович ЕБнын санкциялык тизмесинде болгондуктан бийлик Евробиримдиктин макулдугун күтүп жатат. Бул маселе боюнча акыркы чечимди кабыл алуу бир нече жумага созулушу мүмкүн.

ЖМКлар фондду түзүү идеасы Абрамовичтин өзүнө таандык экенин жазышууда. Миллиардер былтыр мартта Украинадагы согушка байланыштуу санкцияларга кабылгандан кийин ушундай ойго келген.

«Челсини» сатуу боюнча келишим былтыр жыл башында жарыяланып, майдын аягында аяктаган. Клуб америкалык инвенстор Тодд Боли жетектеген консорциумга 4,25 млрд фунт стерлингге сатылган. Каражат атайын банк эсебине которулуп, ал болсо тоңдурулган.

Количество просмотров: 88