• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Абыкеев Ала-Бука районунун акими болуп дайындалды

31 Жалган куран 202612:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Абыкеев Темирболот Асаналиевич Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматты Руслан Айтбаев ээлеп келген. Анын кызматтан кеткени бүгүн кабарланган.

Абыкеев 2025-жылы февраль айында Баткен шаарынын мэри болуп дайындалып, ушул эле жылдын ноябрь айында кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 264