• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров эки райондун акимин кызматтан алды

27 Бирдин айы 202619:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров эки райондун акимдерин кызматтан алды.

Президенттик администрациянын маалыматы боюнча, Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев жана Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев кызматтан алынды.

Экөө тең кызматтан кетүү боюнча арыз беришкен.

Количество просмотров: 8580