• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Абыкеев: Жашоо, экономиканы көтөрүү мультфильмдегидей эмес экен

4 Тогуздун айы 2022 15:18 Бишкек Govori.TV

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Фейсбуктагы өздүк баракчасына билдирүү жазды. Анын айтымында, коомдо популизимдик чегинен ашып, чек арадагы кыйын кырдаалды көбүртүп пайдаланып, өзүнө упай топтогусу келген акмакчылык көбөйүп баратат.

«Чек араны талдоо бул согушту талдоо- дешет француздар. Чек ара маселесине келгенде өтө аяр мамле жасап, өзүңдү жарнама кылгың келсе чак араны бетиңе кармабай башка жол менен жарнамалап, аны сөзгө аралаштырбай сак болсок болот эле. Чек ара талашы эч убакта бир тараптын каалаганындай болуп чечилбейт. Ал дайыма эки тараптын макулдашылган чечими менен чечилет. Чек ара маселесин бүткүл дүйнөдө мамлекеттик бийлик чечет. Коомчулук, эл кийлигишпейт”- деген ал.

Абыкеев чек ара маселесинде көптөгөн купуялуулуктар бар экенин кошумчалап, акыркы жылдары аткарылып жаткан иштерди тизмектеген.

«Канчалаган аскерий курал жарактар, техникалар сатып алынды. Сырттан карыз алуу токтоду. Барын айта албайм. Президентибиз айтат; “Истребитель, тик учактарды алалы десек аны айдаган аскерий учкучтарыбыз жок. Аларды окутууга аз болгондо 5 жыл кетет. Бирок бул иш да башталды”- деп. Ушинтип күйүп кеткенде айла жок айрым сырлардын четин чыгарууга аргасыз болосуң. Туура жетишсиздиктер, кемчилдиктер көп. Жашоо, экономиканы көтөрүү да мультфильмдегидей эмес экен. Күнү-түнү кара жанды карч уруп иштешти, болгондо да көзүн таап, туура иштешти талап кылат тура. Каражат жок болсо карайлайт экенсиң да. Болгон каражатты аскерий техникаларды алууга, чек араны бекемдөгө жумшап, канчалаган айлыктарды, жөлөк пул пенсияларды жогорулатпай койсо да болбойт эле. Айлыктар, жөлөк пул, пенсиялар эки жылда 100-150 пайызга чейин көтөрүлбөсө дүйнөнү каптаган кымбатчылыкта элибиз эмне болот эле? Эгер республика боюнча ондогон мектептер, канчалаган соцобьектилер, темир жол баштаган жолдор, чакан ГЭСтер, жаңы жерлерди өздөштүрүүчү суу каналдары курулбасак эмне болот эле? Даана ошондо далайларга кудай берип койбойт беле. “Мына эч нерсе кылышкан жок. Иштешкен жок.”- дешет эле го. Муну ойлоп койдуңарбы? Эс тутумубуз ушунчалык начарбы? Бүгүнкү бийлик эки эле жылда кантип ушуга жетише алды? Муну сөз кылсак болбойбу? Ал оозду чойсо эле бүтүп калуучу иш болсо буга чейин 30 жыл эл башкаргандар ошону жасайт эле го. Айтылгандардын бары кашкайган чындык. Калпы болсо мунусун ашык айттың дегиле. Чындык ачуу. Аны айтсаң буга чейин мамлекеттик башкаруу бийлигинде иштеп кеткен, бийликке жетпей жүргөн, коррупцияга аралашып кускан, иштей албай ишинен кеткен далайлардын жанын күйгүзөт. Анан чек аранын “ч” тамгасын түшүнбөгөн дейдилерин түрткүлөп, дөөрүтүп бир фактысы жок ар нерсени айттырып чыгышат»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 237