• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абыкеев Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы эместигин билдирди

29 Жетинин айы 202522:50 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүндө бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы эместигин билдирди. Бул тууралуу Абыкеев мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде айтты.

Ал Бакиев келсе Кыргызстандагы көп сырдын бети ачылмак деген пикирин билдирди:

“Биринчиден, Беларустун президенти так жана кескин эле айтты “мен өткөрүп бербейм” деп. Экинчиден, Курманбек Бакиевдин өзүнүн деле эчкинин жашындай өмүрү калды. Бирок анын жоопкерчилигинде 7-апрель окуясында каза болгондордун жүгү турат. Ал боюнча кылмыш иши козголгон. Демек, Кыргызстанга келсе, укук коргоо органдары тарабынан камалары анык. Бирок, 7-апрель окуясына жеке эле Бакиев эмес, Убактылуу өкмөттүн да жоопкерчилиги бар экенин жашырбай айтыш керек. Ошол окуяда атылган ок алдынан эмес, артынан тийип каза болгондор боюнча суроолор бүгүнкү күнгө чейин жоопсуз калууда. Аларды түз эле Атамбаев аттырды деп айтуудан алысмын, бирок ошол Форумдан курал-жарак менен келгенин элдин баары билет”, — деген Абыкеев.

Количество просмотров: 121