• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Абылгазиев: Абанын булгануу көйгөйүн алдын алуу керек

21 Жетинин айы 2018 9:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.11.2018. Govori.TV
Өкмөттө адамдардын ден соолугуна олуттуу тобокелдик жараткан Бишкек шаарындагы жана анын чет жакаларындагы атмосфералык абанын булганышы көйгөйү тууралуу так түшүнүк бар.
Бул абалды иш жүзүндө жакшыртуу үчүн олуттуу аракеттерди жана комплекстүү мамиле кылууну талап кылган абдан маанилүү маселе болууда.
Адистердин пикиринде, Бишкек шаарындагы абанын сапатынын бузулуусунун негизги себеби шаардык чөйрөнү пландаштыруудагы ар кайсы жылдары кетирилген катачылыктарга байланыштуу, мында борборду, өзгөчө анын борбордук бөлүгүн «түйүндүү» курууда шамалдын жүрүүсүнө тоскоолдук жаратып, шаардагы абанын айлануусуна өз кедергисин тийгизген. Ошондой эле экологиялык тең салмактуулукка жана таза абага турак жайларды көмүр менен жылытуу жана унаалардын бөлүп чыгарган уулуу газдары да терс таасирин берет.
Мындан тышкары, абанын курамын жана булгануусун ченөө боюнча улуттук стандарттардын жоктугуна байланыштуу абал татаалдашууда, көрүнүп тургандай, Бишкек шаарынын абасы тууралуу маалыматтар жогорку чекте болуп, коомчулукта олуттуу коопсузданууну жаратууда.
Муну эске алуу менен, коомчулук алдында экологиялык уюмдар кемчиликтер тууралуу ачык билдирип, ал эми мамлекеттик органдар өз кезегинде реалдуу көйгөйлөргө көз жумбастан, экологияны коргоо боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыгуусу зарыл.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, борбордун ар бир тургуну сыяктуу эле түзүлгөн экологиялык кырдаалга кооптонууда жана мамлекеттик органдар алдында аталган көйгөйдү чечүүнүн терең ойлонулган натыйжалуу жолдорун табуу боюнча конкреттүү милдеттерди койду. Өкмөт башчы маселени жеке көзөмөлүнө алып, натыйжа берүүчү конкреттүү сунуштарды талап кылат.
Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана Бишкек шаарынын чегинде жана анын тегерегинде жайгашкан турак үйлөрдү газдаштыруу боюнча иштерди активдештирүүнү камсыздоону тапшырды.
Мындан тышкары Өкмөт башчы эки жумалык мөөнөттө газ мотордук отунду колдонууну кеңейтүү жана коомдук унаа паркын газга өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү милдеттендирди.
Премьер-министр ошондой эле шаардын «желдетүүсүн» камсыздаган аймактарда бийик курулуштарды курууга толук тыюу салуу мүмкүндүгүн изилдөөнү туура деп эсептейт.
Ошондой эле Өкмөт башчы КР Саламаттык сактоо министрлигине кызыкдар эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте булгануунун саламаттыкка терс таасир берүүчү деңгээлин аныктоо менен абанын булганышынын адамдардын ден соолугуна тийгизген таасирине деталдуу баалоо жүргүзүүнү тапшырды.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин пикиринде, борбор калаадагы экология көйгөйлөрүнүн кардиналдуу чечилиши – жашыл аймактар моделин таасирдүү ишке ашыруу, бизнестин желимди колдонуудан баш тартууга чейинки жаратылышты коргоочу технологияларга өтүшүн өбөлгөлөгөн натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу болуп саналат.
Бүгүнкү күнү дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү туш болгон шаарлардын экологиялык абалын жакшыртуу маселелеринин татаалдыгын эске алуу менен, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев эколидерлердин ишмердигин толук колдойт жана өлкөдө, анын ичинде борбордо түзүлгөн экологиялык кырдаал тууралуу коомчулукту өз убагында жана объективдүү маалымдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, аларга активдүү иши үчүн ыраазычылык билдирет.
Количество просмотров: 40