• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

“75чилердин каты”: Прокурорлор шектүүлөрдү 9 жылга эркинен ажыратууну суранууда

29 Кулжа 202616:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” боюнча соттук отурум уланды.

Маалым болгондой, соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сурады. 

Белгилей кетсек, соттук жараяндар жабык өтүп жатат.

Иштин фигуранттары катары УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, депутат Курманкул Зулушев жана ЖКнын мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу катышууда, алар  эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми беш саясатчы: Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Курсан Асановдор камакта.

Количество просмотров: 39