• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абылгазиев Алматыда: ЕАЭБдин бирдиктүү рыногундагы тоскоолдуктарды алып салыш керек

31 Үчтүн айы 2020 19:35 Бишкек Govori.TV

Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү рыногун түзүүнүн башкы милдети товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылына жолтоо болгон ички тоскоолдуктарды алып салуу болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында өткөн (Казакстан Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү кезектеги отурумунун жүрүшүндө билдирди.

Премьер-министр сөзүнүн башында Михаил Мишустинди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, ага ишиндеги ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле беларус кесиптештерине 2020-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгын алууларына байланыштуу үзүрлүү иш каалап өттү.

«Беш жылдык кызматташууда олуттуу келишимдик-укуктук базаны түзүү маанилүү жетишкендиктердин бири болду, ал товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылынын негизи болуп саналат. Биздин бирикме улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана өлкө жарандарынын туруктуу өнүгүүсүн жана жашоо деңгээлинин жогорулашына шарттарды түзүү үчүн негизделген. Муну менен бирге акыркы мезгилде биз ЕАЭБ ичинде товарларды илгерилетүүгө тоскоолдуктардын көбөйүп жатканын өкүнүү менен белгилей кетсек», — деп Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, кыргыз тарап ЕАЭБ алкагында теңдик, ишеним жана ич ара пайдалуу кызматташтык принциптеринин негизинде өз ара иштешүүгө өзгөчө маани берет.

«Интеграциялык биримдикти экономикалык өнүктүрүүнүн жалпы максаттарын жана милдеттерин аныктоонун негизинде анын мүчө-мамлекеттиринин экономикалык өсүшүнүн кошумча булактарын түзүүдө улуттук кызыкчылыктарды эске алуу принциби турушу керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Министрлер кабинетинин жетекчиси бүгүнкү тар чөйрөдөгү жыйында  сүйлөшүү үзүрлүү болгонун, иш кагаздарды иштеп чыгууга, 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграциянын өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган бир катар маселелер талкууланганын белгиледи.

Премьер-министр түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, кыргыз тарап тоскоолдуктарды жоюу боюнча натыйжалуу системаны түзүү үчүн бир катар чараларды кабыл алуу керек деп эсептерин белгиледи.

Анын ичинде, мүчө-мамлекеттердин ЕАЭБдин эрежелерин бузган улуттук актыларын артка кайтаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу боюнча Евразиялык экокомикалык комиссиясына кошумча ыйгарым укуктарды берүү; тартипти  Союздун укуктарын бузуу жөнүндө кайрылууларды кароонун тартибин киргизүү жана мөөнөтүн аныктоо; Евразиялык экономикалык комиссиянын чечимдерин мүчө-мамлекеттер тарабынан аткарылбай калган учурда Евразиялык экономикалык комиссияга ЕАЭБдин сотуна доо-арыз берүүгө ыйгарым укук берүү.

«Мындан тышкары Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечимдерин аткарбаган шартта ЕАЭБ соту тарабынан белгилүү бир санкцияларды салуу жана компенсацияларды төлөө механизмдерин киргизүү кыйла маанилүү. Союзга мүчө-өлкөлөрдүн баарын тоскоолдуктарды четке кагууга кызыкдар болуусуна жана уюмдун негизги максаттарына биргеликте жетерибизге ишенем. Биздин тарыхыбызда көптөгөн жалпы жетишкендиктерибиз жана кыйынчылыктарыбыз болду, бирок кыйла татаал кырдаалдардан дайыма биргелешип чыктык. Кыргыз тарап жалпы максаттар үчүн жетишилген макулдашууларды карманууга жана биримдиктин эрежелерин бузууга жол бербөөгө чакырат», — деп айткан Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ал Кыргыз Республикасы кызматташууну мындан ары да тереңдетүү жана ЕАЭБдин өнүгүүсү үчүн интеграциялык процесстерди жакшыртуу аракеттерин уланта берерине ынандырды.

Количество просмотров: 139