Атайын кызматтын 17-февралда тараткан маалыматында президент Садыр Жапаровун тапшырмасы боюнча Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте кызматта турган учурда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген УКМКнын мурдагы айрым кызматкерлерине каршы бир катар тергөө жана оперативдик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бирок кимдер кармалганы тууралуу так маалымат берген жок.
Маалыматта УКМК тергөө иш-аракеттери мыйзамдарды сактоо менен ишке ашырылып, УКМКнын жетекчилигине маалымат берилгенин кабарлады.
«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча принципиалдуу кадрдык чечимдер кабыл алынды. Мыйзамдарды бузууга жол берген адамдар ээлеген кызматтарынан бошотулуп, улуттук коопсуздук органдарынын курамынан чыгарылды. Аныкталган фактылар боюнча материалдар мыйзамда белгиленген тартипте акыркы укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берилди. Ээлеген кызматына карабастан, ар бир кызматкер мыйзам алдында жеке жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик бийлик органдарына коомчулуктун ишенимин жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча иштер улантылат. Белгилей кетүүчү жагдай, айрым маалыматтык билдирүүлөр атайылап мекемелер аралык күч түзүмдөрүнүн ортосундагы карама-каршылык катары көрсөтүлүүдө. Мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди солгундатууга багытталган”, — деп айтылат маалыматта.
УКМК өлкөнүн бардык күч жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде иштей турганын, улуттук коопсуздукту жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.
Атайын кызмат УКМК ИИМ, Башкы прокуратура, Аскер прокуратурасы, сот системасы, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик чек ара кызматы сыяктуу мекемелерде кол тийбес адамдар жок экенин кабарлады. Мамлекет ак ниетсиз кызматкерлерди тазалоо, тартипти чыңдоо жана мыйзамдуулукту бекемдөө иштерин улантары айтылды.