• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Абылгазиев коронавируска тест тапшырды

5 Чын куран 2020 15:23 Бишкек Govori.TV

Ош жана Жалал-Абад облустарына барган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган делегациянын 12 мүчөсү коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышты. Алардын эч кимисинен вирус табылган жок. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Делегациянын мүчөлөрү үч күнгө үй карантинине жиберилди. Ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөт аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өттү.

Количество просмотров: 162