• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Абылгазиев: Жарандар ачка кылам деген түшүнүктөн алыс болушу керек

16 Жалган куран 2020 11:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-мартта дүйнө жүзүндө тарап жаткан коронавирус тууралуу өкмөт башчы Абылгазиев маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чогултуп маалымат берүүдө.

Абылгазиев алгач Коопсуздук кеңешинде көтөрүлгөн маселелер тууралуу сөз козгоп, рублдин куну түшүп кеткени тууралуу маалымат берип, абал көзөмөлдө экенин айтты.

«Биздин эң эле катышы абдан чоң эки өлкөдө коронавирус катталды. Бул өтө кооптуу жана бизге коронавирустун келүү мүмкүнчүлүгү жогорулады. Андыктан буга чейинки текшерүү иштери дагы күчөдү. Эки күндөн бери ундун баасы кымбаттап кеткени тууралуу маалыматтар тарап, элди дүрбөлөңгө салды. Кээ бир адамдар дүйнөдөгү оор кырдаалды жеке кызыкчылыгына пайдаланып, акча табууну көздөгөндөр болду. Биз буларга жол бербөө максатында иштерди алып барып жатабыз. Чек ара жабылды деген да маалымат тарады. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, товарлардын жүрүшү боюнча эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Текшерүү гана күчөйт. Монополияга каршы кызматка тапшырма бердик. Ундун баасын иликтеп чыгып бир бааны коюшат жана аны көтөрүп жиберүүгө карата иш чаралар көрүлөт. Албетте алдын алакылуу керек болчу деген сындар айтылды. Бирок биз ишкерлербизден мындайды күткөн эмеспиз», — деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчы мындан тышкары ун жана буудай алып келүү үчүн бюджеттен каражат бөлүнгөнүн кошумчалады.

Количество просмотров: 62