• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ачык айт: «Жогорку Кеңештин иши бүттү. Мөөнөтү аяктаган парламент мыйзамдуубу?» (Түз эфир)

28 Тогуздун айы 2020 17:12 Бишкек Govori.TV

«Жогорку Кеңештин иши бүттү. Мөөнөтү аяктаган парламент мыйзамдуубу?», деген теманын катышуучулары: Шерадил Бактыгулов  эксперт, Темирбек Асанбеков «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын Конституцияда белгиленген мөөнөтү аяктады. Буга байланыштуу юристтер бул мөөнөт бүткөндөн кийин алардын укугу токтойт жана иши легитимсиз болуп калат деген пикирлерин айтышууда. Ошол эле учурда жаңы парламент шайланып келгичекти анын эски курамы иштей берет, буга Конституция жол берет дегендер дагы бар. 

Эске салсак, VI чакырылышты эл өкүлдөрү 2015-жылдын 28-октябрында ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен. Мыйзам боюнча Кыргызстанда парламент депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Бир катар партиялар шайлоону мыйзам чегинде жана Боршайком белгилеген убакытта (20-декарда) өткөрүүнү, жаңы чакырылыштагы парламент калыптана элек өткөөл учурда азыркы Конституцияны өзгөртүү далалатынан баш тартууну талап кылып жатышат.

Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. БШК жогорку инстанциядагы сотко кайрыларын айткан.

Количество просмотров: 256