• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ачык аянт: Келечек деп чуркап жүрсөк бут тосуулар болуп жатат деген жаран депутаттарга кайрылды

10 Бугу 2019 16:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.05.2019.Govori.TV.

Аламүдүн районунун Тунгуч жаңы конушунун Жанболот Жамангулов аттуу тургуну ЖК депутаттарына кайрылды.

Анын айтымында атайы балдар ойноочу жайга арналган жер тилкесинин маселеси чечилбей келет.

«Жалпы жашоочулардын атынан кайрылып жатам. Башынан эле биздин аймакка бөлүнгөн жер тартышка түштү. Кайрылбаган жерибиз калган жок, жыйынтык болбой жатат. Мэрия Адамүдүн райондук башкармалыкка, ал эми башкармалык мэрияга жиберишүүдө. Эч кимден, эч нерсе деле сурабайт элек. Ошол жерди чечип берип койсо биз атайы балдар ойной турган жай курмакпыз. Долбоорубуз да даяр»,- деген жаран эл өкүлдөрүнөн бул маселеге көңүл буруп, чечип берүүсүн суранат.


Количество просмотров: 103