Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Орозбеков Адилет Орозбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин «Дипломатия жана эл аралык укук» адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россия Федерациясынын ФКК Академиясында окуган. Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине, полковник аскердик наамына ээ.