• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Административдик сот Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды

6 Жалган куран 2024 14:49 Бишкек Govori.TV

Бишкектин административдик соту 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, соттун чечими 1-мартта чыгарылган. Бишкектин административдик соту ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.

Мыйзам бузууларга байланыштуу Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко Абдурахманхажи Муртазалиев кайрылган. Муртазалиев 22-февралда ушундай эле арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, БШК арызды канааттандырган эмес. Ал бул чечимге каршы сотко арыз берген.

Буга чейин, Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр Шайлообек Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыгарган. Райондук сот 21-декабрда эки кишини (К.А.О. жана М. У.А.) Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, экөөнө тең 100 миң сомдон айып пул салган.

Эске салсак, 15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

Ал эми 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Количество просмотров: 200