Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча талапкер Чыңгыз Айдарбеков өзү тууралуу интернетте тараган видео жана депутаттык мандат берүүнүн кечигиши тууралуу жооп берди.
“Жогорку Кеңештин депутатын БШК дайындабайт. Алар Конституциянын негизинде элдин талабын аткарат. Элдин өкүлү шайланып келет. Элдин ишениминин негизинде келе турган депутаттарга БШК үч күндүн ичинде мандат берүүгө милдеттүү. Бүгүн 19-күн болду. Кыргызстандын эгемен тарыхында мындай болгон эмес. БШК интригаларга малынбай өз ишин аткарышы керек”, — деди ал.
Ал кайрылуусунда дипломат катары Түркмөнстанда, Жапонияда иштеп жүргөндө мыйзамсыз иштерге аралашканы тууралуу сөздөрдү четке кагып, Бишкектеги мүлк иши боюнча да маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.