• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адылбек Касымалиев Алтайга барды

24 Теке 202515:38 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Алтай Республикасына иш сапары менен барды.

Адылбек Касымалиевди Тоолу-Алтай шаарынын аэропортунан Алтай Республикасынын башчысы Андрей Турчак жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алды. 

Анда Алтай Республикасынын сыйлуу конок тосуудагы жергиликтүү элдин салттуу меймандостугу көрсөтүлдү. 

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Эл аралык экологиялык конференцияга катышат, анын жүрүшүндө бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен биргеликте конференциянын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле конференциянын алкагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Количество просмотров: 131