• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти менен жолукту

25 Бирдин айы 202516:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Астана шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан буга чейин жетишилген саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана максималдуу ишке ашыруу маселелери каралды.

Ошондой эле, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн болтурбай турган электрондук кезек системасын киргизүү, өткөрүлүп жаткан жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын бакубатчылыгы үчүн жетишилген буга чейинки макулдашууларды ишке ашырууну жана аны бекемдөөнү макулдашты.

Количество просмотров: 119