Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-17-июнда иш сапары менен Өзбекстанга барат.
Иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Иш-чаранын алкагында Өзбекстандын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлөрү жана башка сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү пландалууда.
Мындан тышкары, форумга катыша турган делегация башчылары менен биргеликте Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo) барып бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү, ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборунда тарыхый булактар менен таанышат.