Мугалимдердин айлык маянасы 2019-жылгакарата көтөрүү пландалган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
«Мугалимдердин айлыгы 2015-жылы көтөрүлгөн. Азыркыда пландалган жок. 2020-жылдан тарта укук коргоо органдарынын маянасы көтөрүлөт», — деди министр.
Бүгүн депутат Иса Өмүркулов мугалимдердин айлыктарынын көтөрүлөрүн сураган. «Мен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлыгы тууралуу сураган жокмун. Алардын айлыгы жакшы. Жакшы айлык албаганы башка жактан алып жатат. Мугалим, дарыгерлердин айлыгы көтөрүлүшү керек. Өкмөт бул боюнча иш алып баруусу зарыл», — дейт Өмүркулов.