Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстанда эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү реформасын улантуу алкагында мамлекеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул чаралар президенттин тиешелүү жарлыктарына ылайык ишке ашырылууда.
Эмгек акы төлөө системасын мындан ары өркүндөтүү, кызматкерлердин социалдык корголушун күчөтүү жана мамлекеттик органдардын кадрдык потенциалын бекемдөө максатында төмөнкү чаралар каралган:
«Бул чараларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча каржылоо талап кылынат. 2026-жылы бул максатка 2 млрд 860,4 млн сом каралган, ал эми 2027-жылдан тартып жыл сайын 8 млрд 203,5 млн сом бөлүнөт», — деп айтылат маалыматта.