Бүгүн, 18-августта, Афганистандан дагы 15 кыргызстандык жаран эвакуацияланды.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, кыргызстандыктар азыр Казакстанда.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Кабулдан Кыргызстандын жарандарын чыгарып кетүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ 17-августта, элчиликтин жардамы менен Кыргызстандын 9 жараны эвакуацияланган.
Маалымат үчүн: «Талибан» Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.