• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Сөөгү дивандын ичине катылган». Москвада кыргызстандык аял киши колдуу болгон

20 Бугу 202615:38 Бишкек Govori.TV

Москвадагы батирлердин биринде он күндөн бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык аялдын бычакталган сөөгү табылганын орусиялык жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, 33 жаштагы кыргызстандык аялды туугандары бир жумадан ашуун убактан бери издеп жатышкан.

Маркумдун сөөгү желим баштыкка оролуп, скотч менен чапталып, дивандын түбүнө катылган абалында 19-майда табылган.

«12-майда маркумдун эжеси ал жашаган батирге келгенде анда 31 жаштагы дагы бир кыргызстандык жаран болгон. Эжеси эч кандай шек таппай, кеткен. 18-майда батирге кайра келип, жакшылап караган учурда гана сиңдисинин сөөгүн дивандан тапкан. Булактын маалыматына ылайык, маркумдун мойну кесилген» деп жазды маалымат каражаттары.

Аны өлтүрүүгө шектелип бөлмөлөш мекендеши кармалса, дагы бир чогуу жашаган кыргызстандык Казакстанга чыгып кетүүгө үлгүргөнү айтылууда.

Количество просмотров: 178