Хорогдогу Борбор Азия университети Тажикстандын Жогорку экономикалык сотунун окуу жайдын жер тилкесин улутташтыруу боюнча чечимине даттанды. Бул тууралуу аталган соттун төрагасы Душанбеде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Мурдараак Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы Хорогдогу Борбор Азия университети жайгашкан жер тилкесин мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылган. Хорогдун Даштак айылындагы бул жер тилкесин Ага Хан өнүктүрүү тармагы 1990-жылдардын аягында сатып алган. Прокуратура жер тилкесин сатып алуу жараяны мыйзамсыз болгонун билдирүүдө.
«Тажикстандын Жер кодексинин 25-беренесине ылайык, жер тилкелери чет өлкөлүк жарандарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга 50 жылга чейин пайдаланууга берилиши мүмкүн. Тилекке каршы, сатуу-сатып алуу келишимин түзүүдө тараптар Жер кодексинин бул беренесин эске алышкан эмес», — деди Жогорку экономикалык соттун төрагасы Рустам Мирзозода.
Ал университет чечимге каршы кассациялык даттануу бергенин, бирок ал карала электигин кошумчалады.
Өткөн жылы тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги Ага Хан фондуна таандык Хорогдогу шаардык паркты мамлекеттин менчигине өткөрүп берген. Андан сырткары Хорогдогу Ага Хан лицейи жабылган жана Ага Хан фондуна караштуу Serena Khorog INN мейманканасы улутташтырылган.
Борбор Азия университети 2000-жылы негизделген. Тиешелүү макулдашууга Кыргызстан, Тажикстан, Казакстандын президенттери жана ханзаада Карим Ага Хан IV кол койгон. Макулдашууну үч өлкөнүн парламенттери ратификациялаган.
Кыргызстандагы Борбор Азия университети 2016-жылы Нарын шаарында курулган жана пайдаланууга берилген. 2017-жылы экинчи кампус Тажикстандын Хорог шаарында ачылган. Үчүнчүсү Казакстандын Текели шаарындагы кампусу азыркы учурда долбоорлоо баскычында турат.