• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Агартуу министрлигине кызматтык унаалар тапшырылды

13 Бугу 202617:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаа тапшырды.

Минкаб төрагасынын айтымында, ата мекендик Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү ар бир унаага 1 млн 827 миң 700 сом жумшалды.

Касымалиев мугалимдердин коом алдындагы вазийпасын жогору баалоо менен берилип жаткан унаалар натыйжасыз чыгымдар кыскарта тургандыгын белгиледи.

“Айрыкча ал алыскы райондордогу агартуучулардын ишин жеңилдетет”,-деп белгиледи ал.

Количество просмотров: 175