• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жеке менчик мектеп ачуу жана лицензиялоо электрондук форматта жүрөт

8 Бештин айы 202515:41 Бишкек Govori.TV

Агартуу министрлиги жеке менчик мектептерди ачуу жана лицензиялоо процесстерин түп-тамырынан өзгөртүп, жеңилдетти.

Ведомствонун маалыматына караганда, эми жеке менчик мектептерди ачуу жана лицензиялоо толук электрондук форматта жургүзүлөт.

«Эми лицензия алуу толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт, мектеп уставын макулдашуу талаптары алынат, комиссиялар жоюлду, санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча корутунду 3–7 күндүн ичинде берилет, лицензия алуу мөөнөтү 30 күндөн 20 күнгө кыскарды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 99