«Айчүрөк» соода борборунда адамдар эвакуацияланып жатат. Маалыматты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, жеринде Свердлов РИИБинин кызматкерлери иш алып барууда. Учурда милиция кызматкерлери дүкөндүн айланасын курчоого алып эч кимди киргизбей жатканы айтылды.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кийин кошумча маалымат берилерин билдирди.