• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЦУМдун жанындагы курулманы бузуу иштери башталды

23 Бирдин айы 202610:06 Бишкек Govori.TV

ЦУМдун жанындагы оргуманын ордуна темирден салынган курулманы бузуу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 19-февралда курулуш аянтын жеринде текшерүү учурунда билдиргендей, курулуш бекитилген алдын ала долбоорго жооп бербейт. Мындан улам курулманы бузуу тууралуу буйрукту муниципалдык кызматтарга берген.

«Эгерде силер жакшыраак кыла албасаңар же долбоорго ылайык кура албасаңар, анда фонтандарды кайтарып бергиле», — деп билдирген мэр.

Текшерүүдөн кийин муниципалдык кызматтарга курулуш компаниясынын эсебинен үч күндүн ичинде курулушту демонтаждоо тапшырган болчу.

Количество просмотров: 122