• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Айдоочуларга эскертүү: Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

22 Бирдин айы 2024 11:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоолуу аймактарында, ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 91