• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айдоочуларга эскертүү! Бүгүн Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат

25 Жалган куран 202512:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан-Катар футбол беттешине байланыштуу Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бир катар көчөлөрдө унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Атап айтсак, саат 12:00дөн 20:00гө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан-Катар беттеши болот. Саат 18:00дө шоу-программа тартууланат, ал эми саат 19:45те таймаш башталат.

Количество просмотров: 156