Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 5-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, эки күн мурда айткан сөздөрүнө түшүндүрмө берди жана унааларды каттоодогу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү реформалар жөнүндө маалымат берди.
Туманбаевдин айтымында, айдоочуларды даярдоо программасы 14 айга созулат.
“Бардык автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөрүлгөндөн кийин, теориялык жана практикалык окутуу программалары өзгөрөт. Бирок чоңдор үчүн курстардын баасы азыркыдай эле бойдон калат. Биз окутуунун сапатына көзөмөлдү күчөтөбүз”, — деп айтты Туманбаев.
Ал белгилегендей, реформанын негизги максаты келечектеги айдоочуларды окутуунун сапатын жакшыртуу жана өлкөнүн жолдорундагы кырсыктардын санын азайтуу болуп саналат.
Ошондой эле Туманбаев 2026-жылдан баштап жогорку класстын окуучулары мектеп программасынын алкагында айдоочулук курстан өтө ала тургандыгын маалымдады.
«16 жаштан баштап 11-класстын окуучулары мектепте айдоонун негиздерин үйрөнө алышат, ошондо алар жашы жеткенде айдоочулук күбөлүк алууга даяр болушат», — деп кошумчалады ал.