“Айдоочуларды даярдоо борбору” менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу кармалып, бир айга камакка алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сот 30-январдагы токтому менен Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталган Медербек Тагайбек уулун 28-мартка чейин камакка алган.
ИИМ бул боюнча расмий маалымат бере элек.